ТИМ: кыргызстандык аялды сабаган түрк полициялары кызматтан четтетилди

© AFP / OZAN KOSEТүркиянын полиция кызматкерлери. Архив
Түркиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын ЖМКлары Анталья шаарынын Аланья аймагында түндө эки полиция бир аялды чачтан кармап сүйрөп, кордук көрсөткөнүн жазып чыгышкан

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Түркиянын Аланья аймагында кыргызстандык аялды сабаган эки полиция кызматкери тергөө иштеринен улам кызматынан четтетилгенин КР Тышкы иштер министрлиги элчиликке таянуу менен билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Аланья аймагынын коопсуздук башкармалыгы менен байланышканда чынында ошондой окуя болгонун тастыктаган.

"Жабыр тарткан Р.А. аттуу жаранга медициналык жана психологиялык жардам берилип, тергөө амалдары аяктагандан кийин аны мекенине кайтаруу маселеси каралат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түркиянын ЖМКлары Анталья шаарынын Аланья аймагында түндө эки полиция бир аялды чачтан кармап сүйрөп, кордук көрсөткөнүн жазып чыгышкан. Жабыркаган аял Кыргызстандын жараны экени аныкталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0