"Ислам кыймылы" террордук уюму Сириядан Пакистанга жылууда

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСитуация в Пальмире
Ситуация в Пальмире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террорчулук боюнча адистер "Ислам мамлекети" террордук уюму жайгашкан аймагын өзгөртө баштагандыгын айтышты

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму Сирияда жеңилүүгө дуушар болгондон кийин, Пакистандын Вазирстан провинцияларын көздөй массалык түрдө жыла баштады. Бул туурасында РИА Новости КМШнын Антитеррордук борборунун жетекчиси Андрей Новиковго таянып кабарлады. 

Ал 2016-жылдын күз айларынан тарта Сирия, Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун маанилүү делген күчтөрүн Вазирстандын (Пакистан) аймагына жайгаштыруу учурлары байкалып жатканын айткан.

"Сириядагы аскердик-саясий чечим бир жагынан куралданган радикалдардын санын азайтса, экинчи жагынан бул уюмдун тактикасын гана эмес, жайгашкан аймагын да өзгөртмөкчү", — деди ал.

Алеппо. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирия аймагынын 87 пайызынан "Ислам мамлекети" тобу чыгарылды
Учурда Азербайжандын Баку шаарында КМШнын коопсуздук, атайын кызматтардын жана тартип коргоо органдарынын жана КМШнын Террорчулукка каршы борборунун алдындагы илимий-консультативдик кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп жатат.

Анда БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" террордук уюмдары, "Талибан" кыймылынын көйгөйлөрү боюнча мониторинг жасаган адистер да чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0