Москвага алгачкы ирет келген Сауд Аравиясынын королун миң-сан киши жандап жүрөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПрилет короля Саудовской Аравии С. Аль-Сауда в Москву
Прилет короля Саудовской Аравии С. Аль-Сауда в Москву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравия королунун сапары сауд-орус мамилесинин тарыхында биринчи жолу ишке ашып жатат

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Сауд Аравия королу Сальман бен Абдель Азиз аль Сауд сапары менен Москвага келгенин РИА Новости маалымдады.

Бул монархтын сауд-орус мамилесинин тарыхындагы алгачкы ирет келиши.

Королдун учагы "Внуково-2" аэропортунун өкмөттүк терминалына конуп, аны Ардак кароол менен оркестр жана вице-премьер Дмитрий Рогозин башында турган россиялык делегация тосуп алды. Сальман бен Абдель Азиз аль Сауд Россияда 7-октябрга чейин жүрөт.

Король бүгүн, 5-сенятбрда, РФ президенти Владимир Путин менен жолугуп, мунай рыногундагы абалды жана Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы кырдаалды талкууламакчы.

Президент Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга барганда кайсы маселелер чечилери айтылды
Эртеси премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугушуу пландалган. Анын алкагында соода, экономика, өнөр жай, энергетика жана айыл чарба тармагындагы маселелер козголот.

Мындан тышкары, инвестициялык форум өтүп, Москвада сауд маданиятынын күндөрү болот. Аталган сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүп жатат.

Сауд делегациясында 1000ге чукул киши бар экени маалым болду. Королду коштоп жүргөндөр Кремль менен Кызыл аянттагы беш жылдыздуу мейманканалардын бардык бош орундарын ээлеген. Өздүк булактын билдирүүсү боюнча, отелдеги номерлердин көбүн чыгыш стилине ылайыкташтырып, өзгөртүп чыгышкан. Мында жогорку даражалуу адамдар үчүн Сауд Аравиядан алардын жакшы көргөн килемдери алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0