10:48 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Каир шаарынын чет жакасында топ ойноп жаткан балдар. Архив

Египетте тамак-аштын жетишсиздигинен улам төрөттү чектөө сунушталып жатат

© AP Photo / Amr Nabil
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
84 0 0

1978-2015-жылдары ушундай саясат Кытайда да жүргүзүлүп, бир үй-бүлө бирден гана балалуу болгон

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. "Сот адилеттүүлүгү жана адам укугун коргоо" ("The center of Justice and Development for Human Right") уюму Египеттеги демографиялык жарылуунун кесепеттеринен оңоюраак өтүп кетүү үчүн олуттуу чара көрүүгө чакырды.

Sputnik агенттиги автивисттердин сунуштарын иликтеп көрдү.

Маалыматка караганда, өлкө азык-түлүк кризиси жана ресурстардын тартыштыгы алдында турат. Ал эми Египетте жыл башындагы эсеп боюнча 104 миллион адам жашайт. Билим берүү жана айыл чарба тармактары демографиялык өсүүнүн аркасынан кууп жете албай жатканы айтылууда.

"Мунун айынан өлкөдө төрөттүн санын кыскартуу сунушталып жатат. Мисалы алдыдагы он жылда ар бир жаш үй-бүлөгө эки гана балалуу болууга уруксат берилет. Үчүнчү бала жарык дүйнөгө келип калса, ага мамлекет эч бир жөлөк пул жана акысыз билим бербейт. Экинчи мыйзам долбоору боюнча үй-бүлө кура турган жаштардын курагы 20 жаштан төмөн болбошу керек", — деп айтылат макалада.

Зидан аль-Канаи (Zaidan al Qanayi) уюмунун маалымат катчысынын айтымында, жаш үй-бүлөлөрдө баланын санын көзөмөлдөш үчүн төрөткө уруксат берген лизенция берүү дагы сунушталууда. Адистер төрөлүүнүн санын кыскартуу менен гана өлкөнү ачарчылыктан сактап калса болот деген пикирде.

1978-2015-жылдары ушундай саясатты Кытай да жүргүзгөн. Мында шаар жергесинде жашаган ар бир үй-бүлө бирден, айылда жашагандар эки балалуу болууга уруксат берилген.

Тема боюнча

Дүйнөдө 800 миллиондон ашык киши курсагы тоё тамак жебейт
Белгилер:
мыйзам, тамак-аш, бала, Египет
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ