Селфинин айынан индиялык үч студент поезд алдында калып каза тапты

© AFP / INDRANIL MUKHERJEE Поезд. Архив
Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар сүрөткө түшүп жатып өздөрүнөн поездге чейинки аралыкты туура баамдай албай калганы божомолдонууда

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Индиянын Карнатаке штатында үч студент селфи жасоо аракетинен поезд алдында калып каза тапканын NDTV телеканалына таянуу менен РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индияда пил жанына селфи жасоого барган кишини тебелеп салды. Видео
Полициянын маалыматы боюнча көз жумгандардын экөө Бангалордогу Улуттук колледждин студенттери экени аныкталган. Укук коргоо органдары балдар сүрөткө түшүп жатып өздөрүнөн поездге чейинки аралыкты туура баамдай албай калышканын божомолдоду.

Маалыматта аталган окуу жайдын дагы бир студентинин өлүмү тууралуу айтылат. Бир жума мурун жаш жигиттин достору кокусунан анын сууга чөгүп баратканын сүрөткө тартып калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0