Россиялык диктор түркмөн президентинин аты-жөнүн айта албай кыйналды

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүОфициальный визит президента РФ В. Путина в Туркмению
Официальный визит президента РФ В. Путина в Туркмению - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бердымухамедов Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоого жана Түркмөнстан менен Россиянын ортосундагы мамилени чыңдоого кошкон салымы үчүн сыйланды

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго Александр Невский атындагы орден тапшыруу учурунда диктор түркмөн башынын атасынын аты — Мяликкулиевич дегенди шар айта албай ыңгайсыз абал жаратты.

​Белгилей кетсек, 2-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстанга расмий иш сапары менен келген.

Президент Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Түркмөн президенти спорт жөнүндө китеп жазды
Бердымухамедовго аталган сыйлык Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоого жана Түркмөнстан менен Россиянын ортосундагы мамилени чыңдоого кошкон салымы үчүн берилген.

Белгилей кетсек, Александр Невский ордени Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге дагы эки тараптуу кызматташууга кошкон салымы үчүн ыйгарылган.

Александр Невский атындагы орден Россия империясында 1725-жылдан 1917-жылга чейин болуп келген. СССРде 1942-жылы кайта калыбына келтирилип, 1992-жылы Россиянын мамлекеттик сыйлыктарынын катарына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0