Казакстанда 9-кабаттан боюн таштаган кызды тосуп алышты. Видео

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз 18 жашта экени аныкталган

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Казакстандын Актау шаарында 9-кабаттан кулап бараткан кызды эркек адам тосуп, аман алып калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги "Лада" аймактык гезитине шилтеме кылып кабарлады.

Басылмага маалымат берген күбөнүн айтымында, бейтааныш кыз 28-кичи райондо бийик үйлөрдүн биринен боюн таштоого аракет кылган.

"Аман калган кыз 18 жашта экен. Мен аны жакындан деле тааныбайм, бирок ал секирем деп жатканда кошуна көрүп калып, убагында сактап калыптыр", — деди күбө.

Ал ошондой эле окуя 30-сентябрь күндүз катталганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0