Америкада Кардашьянды туурап жамбашына операция жасаткан кыз каза болду

© AFP / Mahmoud ZAYYATОперация ребенку в южном ливанском городе Сидон
Операция ребенку в южном ливанском городе Сидон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык кыз мыйзамсыз иштеген пластикалык хирургга кайрылып жамбашына операция жасаткан

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Нью-Йорктун тургуну Латеши Бинум жамбашын чоңойтуу үчүн операция жасаткандан кийин көз жумду. Бул тууралуу "Mirror" басылмасы жазып чыкты.

Хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда кредиттен качкан аял пластикалык операция жасатып, из жашырган
Журналисттердин айтмында, Бинум актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын күйөрманы болгон. Ал мыйзамсыз иштеген пластикалык хирургга кайрылып жамбашына операция жасаткандан кийин төшү ооруп, башы айланып жатканын сезген.

Анын абалы күндөн-күнгө оорлоп жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Тилекке каршы 12 күндөн кийин ооруканадан көз жумган.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Анын алкагында хирург менен жашыруун түрдө иштеген медайым кармалган.

Ошондой эле "Mirror" басылмасы Кардашьянды туурагандар көп болгондуктан Америкада жашыруун иштеген пластикалык клиникалардын саны өскөнүн жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0