Каталония башчысы референдум жыйынтыгына ыраазы болду

© AFP / LLUIS GENEКаталония өкмөтүнүн башчысы Карлес Пучдемон
Каталония өкмөтүнүн башчысы Карлес Пучдемон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү Каталонияда Испаниядан бөлүнүп, өз алдынча, автономдуу болуу үчүн референдум өттү

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Каталония өкмөтүнүн башчысы Карлес Пучдемон Каталониянын Испаниядан өз алдынча болуусун камсыздыган референдум жыйынтыгын өтө таасирдүү болгонун айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Жарандардын жообу эсте кала тургандай болду. Мыйзамдуулук жана татыктуулук", — деп жазды ал добуш берүүнүн жыйынтыгынан кийин Twitter баракчасына.

Буга чейин Пучдемон автономия жашоочулары эгемендүүлүккө жеткендигин билдирген.

"Бүгүн үмүттүн күнү болду, ал эми Каталония жарандары көз карандысыз болуш үчүн өзүнүн укугун жеңип алышты", — деп айткан ал телекайрылуусунда.

Каталония башчысы Евробиримдикти испан полициясы тарабынан адам укугунун бузулуп жатышын тоготпой койбоого чакырып, Мадрид менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой менен болгон жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Трамп Испаниянын премьерин президент дегени аз келгенсип фамилиясын да чаташтырды
Каталония женералитетинин (өкмөтүнүн) расмий өкүлү Жорди Турул референдумда добуш бергендердин 90 пайызы Испаниядан бөлүнүү үчүн "макул" болгондугун айтты. Добуш берүүчүлөрдүн саны 5,3 миллион адам болсо, алардын аталган процесске алардын 2,3 миллиону катышкан.

Жекшемби күнү Каталонияда Испаниядан бөлүнүп, өз алдынча, автономдуу болуу үчүн атайын референдум өттү. Ал эми Мадрид муну мыйзамсыз деп эсептеп, падышалыктын Конституциялык соту тыюу салган.

Шайлоо тилкелерине көзөмөлдүк кылууну колуна алууга ниеттенген полиция менен болгон кагылышууда 844 жай жаран жабырланган. Алардын сырткары, 33 тартип сактоочу кызматкер ар кыл жаракаттарды алган.

Испаниянын өкмөт башчысы Мариано Рахой Каталонияда "өзүн өзү аныктоо жөнүндө референдум болгон жок" деп билдирген. Ошол эле учурда Барселона менен мыйзамдын чегинде диалогго барууга даяр экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0