Окумуштуулар: эркек кишилер улгайган сайын тиш доктурдан коркуп калышат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүРабота клинической стоматологической поликлиники в Волгограде
Работа клинической стоматологической поликлиники в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын айтымында, тиш доктурдун бөлмөсүнө кирген кишилердин бардыгынын жүрөк согушу ылдамдаган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Тюмень мамлекеттик университетинин окумуштуулары дарыгерлер менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда 24-35 жаштагы эркек кишилер тиш доктурдан башка курактагыларга салыштырмалуу көбүрөк коркору аныкталган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги "Медицинская наука и образования Урала" журналына таянуу менен жазып чыкты.

Робот-стоматолог впервые вставил зубные импланты человеку — кадры - Sputnik Кыргызстан
Кытайда робот дарыгер биринчи жолу адамдын тишине имплант койду
Изилдөөгө тиштин кариес дартына чалдыккан 50дөн ашык бейтап катышкан. Окумуштуулардын айтымында, тиш доктурдун бөлмөсүнө кирген кишилердин бардыгынын жүрөк согушу ылдамдаган. Тиш тазалоочу аппараттан чыккан үн кишилердин тынчсыздануусун ого бетер арттырган.

Ал эми өспүрүм курактагы эркек балдар тиш доктурдан коркпой, өздөрүн эркин алып жүрүшкөн. Бирок жашы өйдөлөп калган кишилер дарыгердин бөлмөсүнө киргенде абдан тынчсызданышкан.

Тюмень мамлекеттик университетинин профессору, медицина илиминин доктору Николай Прокопьевдин айтымында, улгайган кишилердин ооруга болгон эмоционалдык-психологиялык таасири жогору. Андыктан алар айланада болуп жаткан нерсени жүрөккө жакын кабыл алышары изилдөөдө белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0