Валийлик спортчу арстанды эркелетем деп колунан ажырап кала жаздады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗоопарктагы арстан. Архив
Зоопарктагы арстан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун тытылган колу бир нече жеринен тигилип, анын айынан жолдоштук беттешке чыкпай калды

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Оспрейз" клубунун регбичиси Скотт Болдуин Түштүк Африкадагы зоопарктын биринде арстандын курмандыгы боло жаздады. Бул тууралуу анын клубдашы Энди Гуд Twitter баракчасына жарыялаган. 

​Видеодо спортчу темир торго кол сунуп, жырткычты сылап-сыйпап эркелетип жатканын көрүүгө болот. Бул аракет жакпай калган арстан бурулуп, Болдуиндин колун тиштеп алган.

"Эркелетип көр, эч нерсе болбойт дешкен. Скоттун ак пейилдиги башына муш болуп тийди", — деп Гуд өзүнүн тасмасынын алдына жазып койгон.

Маалыматта мүчөсүнөн ажырап кала жаздаган регбичинин тытылган колу бир нече жеринен тигилип, анын айынан спортчу жолдоштук беттешке чыкпай калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0