Германияда поезддин тышында калган киши 25 чакырымга чейин вагонго жармашып барды

© AFP / JULIAN STRATENSCHULTE / DPACкоростной поезд Velaro D ICE в Ганновере
Cкоростной поезд Velaro D ICE в Ганновере - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
59 жаштагы жүргүнчү Билефельд станциясынан Ганноверге чейин экспресс-поезд менен барууну көздөгөн

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Германияда тез жүрүүчү поездге кирүүгө үлгүрбөй калган киши анын тышындагы тепкичте калып кийинки станцияга чейин — 25 чакырымга дейре барган. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги Spiegel басылмасына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 59 жаштагы жүргүнчү Билефельд станциясынан Ганновер станциясына чейин экспресс-поезд менен барууну көздөгөн. Бирок поездге кирип баратканда эшиктер жабылып, толук киргенге жетишпей калган. Ал вагондордун ортосундагы желим жабууларды кармап, кийинки станцияга чейин барууга аргасыз болгон.

"Киши темир жолчулардын аракети менен аман калды. Поезд ордунан козголор замат аны байкап, атайын бригадага кабар беришкен", — деп Ганновер шаарынын полициясы билдирди.

Поезддин машинистине кабар бергенге чейин ал саатына 160 чакырым ылдамдыкка жетүүгө үлгүргөн. Поезд ылдамдыгын азайтып, 25 чакырымдан кийин Лёне шаарындагы станциядан токтогон. Бара турчу жерине ошентип ал вагондун ичине түшүп барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0