Мумбаинин темир жол станциясында төө бастыга калган 15 киши каза болду

© AFP / STRЗемлетрясение в Индии
Землетрясение в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык эмнеден улам болгону азырынча тактала элек

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Индиянын Мумбаи шаарындагы темир жол станциясында элдин тыгылышынан 15 киши каза болуп, 30дай киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги ANI басылмасына таянуу менен билдирди.

Буга чейин үч кишининкөз жумганы маалымдалып, милиция 20 киши түрдүү жаракаттарды алганын айткан.

​Аталган окуя жума күнү шаардын түштүк тарабындагы Прабхадеви жана Парель станцияларынын ортосунда болгон.

​Кырсык эмнеден улам болгону азырынча тактала элек. Алдын ала маалымат боюнча жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү жааган жамгырдан улам суунун каптап кетишинен кооптонуп поездге баш калкалоону чечкен. Станциядагы жүргүнчүлөрдүн саны өсүп, тыгылышыка алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0