Белгилүү модель чыныгы жаш курагын айтып, соцтармактагыларды таңгалдырды

© AFP / KAZUHIRO NOGIТайвандык белгилүү актриса жана модель Линь Чилин
Тайвандык белгилүү актриса жана модель Линь Чилин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул аял кино менен мода дүйнөсүндө азыркыга чейин атактуулукту бербей келет

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Тайвандык белгилүү актриса жана модель Линь Чилин соцтармакка чыныгы жаш курагын жазып, элди таңгалдырды. Бул туурасында The Daily Mail басылмасы кабарлады. 

© AFP / SAM YEHИзвестная тайваньская актриса и модель Линь Чилин
Известная тайваньская актриса и модель Линь Чилин - Sputnik Кыргызстан
Известная тайваньская актриса и модель Линь Чилин

Чилиндин боёонбой турган сүрөтүн көргөн эл анын курагын так айт алган эмес, алар көп болсо 23 жаштын тегерегинде деп ойлошкон.

Публикация от 林志玲chiling (@chiling.lin) Авг 16 2017 в 7:54 PDT

Жакында эле модель Instagram баракчасына 42 жашта экендигин жазганда көптөр алгач ишенген эмес. Ал тургай эмоция менен таңгалууларын соцтармакка жазып жиберишкен.

一起去街拍~😁 Special thanks to @lanecrawford Make up by @minchang2614 Hair by @shirley77128 Styled by @hellocharliecharlie

Публикация от 林志玲chiling (@chiling.lin) Июл 20 2017 в 2:36 PDT

Басылма Линь Чилин кино менен мода дүйнөсүндө азыркыга чейин атактуулукту бербей келе жаткандыгын жазган. Ал мода журналдарына тартылып, алардын мукабасынан түшпөйт, белгилүү компаниялардын продукцияларын жарнамалап тартылып келет.

Модель 1974-жылы Тайвандын түштүгүндө жарык дүйнөгө келип, Японияда тартылган режиссер Жон Вунун "Кызыл аскадагы кармаш" деп аталган тасмасынан кийин элге таанымал боло баштаган. Чилин, андан сырткары, эл калтырбай көргөн япондордун "Кызыл жүрөктөр" сериалына тартылгандан соң атагы андан да арткан.

保持愉快的心情🙌

Публикация от 林志玲chiling (@chiling.lin) Июл 5 2017 в 10:14 PDT

Жаңылыктар түрмөгү
0