АКШ келерки жылы болгону 45 миң качкынды кабыл алууну пландап жатат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын Ак-үйү. Архив
АКШнын Ак-үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган өлкөгө кирген качкындардын саны 67 миңден кемиген эмес

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы конгресске 2018-финансылык жылда 45 миңге чейин гана качкындарды кабыл алууну сунуштады. Бул туурасында аталган администрациянын өкүлү билдиргендигин РИА Новости жазды.

2018-финансылык жыл быйылкы жылдын 1-октябрынан тарта башталат.

Мьянмалык качкындар - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан мьянмалык 50 миң качкынга гуманитардык жардам жөнөттү
Маалыматка ылайык, 2017-финансылык жылдын эсебинен АКШ 54 миң качкынды кабыл алган. Эми жаңы бийлик бул санды 10 миңге кыскартууга белсенип турат. Буга чейин аталган өлкөгө кирген качкындардын саны 67 миңден кемиген эмес. Ал эми Барак Обаманын учурунда, 2016-жылы 75 миң бозгунду кабыл алышкан.

Ак үй өкүлүнүн айтымында, качкындар Африкадан (19 миң), Чыгыш Азиядан (5 миң), Европа жана Борбор Азиядан (эки миң), Латын Америкасы менен Кариб бассейниндеги өлкөлөрдөн (1,5 миң) жана Түштүк Азия менен Жакынкы Чыгыштан 17 миң качкын киргизилмекчи.

Аткаминер администрация үчүн башкысы "америкалык жарандардын коопсуздугу" экендигин кошумчалады. Андан сырткары, АКШ ким "расасы, этникалык теги, саясий көз карашы, улуту, дини, жынысы жагынан куугунтукка алынса аны коргоону" сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0