ЖМК: Угандада бүбү-бакшылар жаан жаадырыш үчүн балдарды курмандыкка чалууда

© AFP / WALTER ASTRADAУганда. Архив
Уганда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция курмандыкка чалынгандардын саны арбын экенин белгилеп, көбү табылбай калганын белгилешет

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Угандадагы бүбү-бакшылар жаан жаадырып, кургакчылыктан кутулуу үчүн кичинекей балдарды курмандыкка чалып жатканын РИА Новости агенттиги Religion news service басылмасына таянуу менен билдирди.

Крокодил утащил под воду шамана, искавшего человека - Sputnik Кыргызстан
Жоголгон кишини издейм деп дарыяга кирген бакшыны крокодил сүйрөп кетти
Ага ылайык, Африка мамлекеттеринде акыркы жарым кылымда болуп көрбөгөндөй кургакчылык өкүм сүрүүдө. Бир жарым миллиондой киши ачкачылыктан кырылып калуу коркунучунда турат. Жергиликтүү тургундардын көбү курмандык чалуу менен терс күчтөрдөн кутулууга болот дегенге ишенишет.

Бир гана сентябрь айында укук коргоо органдары курмандык чалууга шектелген 44 кишини кармаган. Алардын бирөө сегиз жолу курмандык чалганын моюндаган.

2015-жылы жети бала менен алты чоң кишинин сөөгү табылса, 2016-жылы жети бала менен эки чоң кишинин сөөгү аныкталган. Маркумдардын кулактары, эриндери жана жыныс мүчөлөрү кесилип, тиштери чагылган.

Полиция курмандыкка чалынгандардын саны мындан да арбын экенин белгилеп, көбү табылбай калганын белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0