Сууга секирген кишинин курсагын кичинекей акула тиштеп алды

Жазылуу
Кичинекей акула киши сууга түшкөн кезде курсагын тиштеп алган

Sputnik Белоруссия маалымат агенттиги билдиргендей, окуя сентябрь айынын башында Флориданын жээктеринин биринде болгон. Жети кишиден турган топ омар кармоо үчүн ууга чыгышкан.

Акула. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камера акуланын оозуна кептеле түшкөн видео тарады
Эрвин Маккарти аттуу жаран окунь балыгын кармап, досун аны алып чыгуу үчүн жардамдашууга чакырган. Маккарти суудагы чуңкурга такалып калган окунь балыгын чыгаруу үчүн сууга секиргенде муруттуу кичинекей акула анын курсагын тиштеп, коё бербей койгон. Аны достору кайыкка алып, курсагына жабышкан акуланы чыгара албай коюшкан.

Качан гана акуланы бычак менен башка сайганда ал кишини коё берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0