Путин Түркияга иш сапары менен барат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВстреча президентов России и Турции В. Путина и Р. Эрдогана в Санкт-Петербурге
Встреча президентов России и Турции В. Путина и Р. Эрдогана в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мамлекеттин башчылары күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, тараптардын мындан аркы кызматташуусу тууралуу сүйлөшөт

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин бейшемби күнү Түркияга жумушчу сапары менен барып, өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугарын РИА Новости агенттиги билдирди.

Во время речи Эрдогана в Нью-Йорке в зале началась драка – видео - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган Нью-Йоркто сүйлөп жатканда мушташ чыгып кетти. Видео
Бул иш сапар 2015-жылы 24-ноябрда сирия-түрк чек арасында Россиянын Су-24 учагы атып түшүрүлгөндөн кийинки экинчи сапар болуп эсептелет.

Расмий Кремлдин маалымат кызматы билдиргендей, эки мамлекеттин башчылары күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, тараптардын мындан аркы кызматташуусу тууралуу сүйлөшөт.

Дүйшөмбү күнү Путин менен Эрдоган телефон аркылуу байланышып Сирия маселеси боюнча кеп кылышкан. Ошондой эле Ирактагы Күрдстандын эгемендүүлүгүн жарыялоо боюнча референдум тууралуу да пикир алышкан.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков аталган маселе боюнча Россиянын пикири өзгөрбөгөнүн айтып, Москва бир мамлекеттин аймактык жана саясий бүтүндүгү аймактагы туруктуулук менен коопсуздукту сактоо үчүн абдан маанилүү деген оюнан кайтпаганын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0