Мексикада балык аралаш жаан жаады. Видео

Жазылуу
Окумуштуулар мындай көрүнүштөргө так түшүндүрмө бере элек

Мексиканын түндүк чыгышында жаан менен кошо асмандан балык жааганын Тамаулипас штатынын жарандык коргонуу баштармалыгына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Өзгөчө "жамгыр" Тампико шаарында катталган.

"Кадимкидей эле жаан жаап жаткан. Бир маалда асмандан тамчылар менен кошо анча чоң эмес балыктар түшө баштады", — деп жазылат ведомствонун Facebook баракчасында.

Учурда окумуштуулар мындай көрүнүштөргө так түшүндүрмө бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0