Playboy журналынын атасы Хью Хефнер дүйнө салды

© AFP / CESAR RANGELОснователь журнала Playboy Хью Хефнер
Основатель журнала Playboy Хью Хефнер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылманын биринчи саны 51 миң нуска менен 1953-жылдын декабрында чыккан

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Playboy журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер каза болгону аталган басылманын Twitter баракчасына жарыяланды.

​"Хью М.Хефнер бүгүн көз жумду. Ал 91 жашта болчу", — деп айтылат маалыматта.

Playboy журналы — дүйнөгө аты таанымал бренддердин бири. Басылманын биринчи саны 51 миң нуска менен 1953-жылдын декабрында чыккан. Учурда журнал дүйнө жүзүндө бир нече тилде басылат. Орус тилдүүсү 1995-жылдан бери чыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0