Сирияда 800дөн ашуун согушкер өкмөттүк аскерлердин катарына өттү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСирия. Архив
Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер Идлиб провинциясынын түндүк-батыш тарабын жердеп турушкан

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Сирияда ок атууну токтотууга өтүү учурунда мыйзамсыз куралдуу топтордун 800дөн ашуун мүчөсү өкмөттүк аскерлердин катарына кошулду. Бул туурасында РИА Новости Сириядагы касташкандарды жараштыруу борборуна шилтеме кылып билдирди. 

"Ок атууну токтотуу боюнча кагазга кол коюлгандан кийин Идлиб провинциясынын түндүк-батыш тарабындагы согушкерлер Сириянын өкмөттүк аскерлеринин тарабына өттү", — деп айтылат РФтин Коргоо министрлигинин сайтындагы маалыматта.

Дейр-эль-Фардис (Хомс провинциясы) аймагында "Катиба Хажр" деп аталган мыйзамсыз куралуу күчтөрдүн 63 өкүлү да өзүнүн жолун аныктап алышкандыгы, тагыраагы, өкмөткө өткөндөгү айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0