Трамп: Түндүк Кореяга сокку урууну каалабайбыз

© REUTERS / CARLOS BARRIAАКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада Америка президенти БУУнун жыйынында Ким Чен Ынды "ракета-адам" деп атап, анын иш-аракетин бир топ сынга алган

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Түндүк Корея менен болгон пикир келишпестикти аскердик жол менен чечүү кыйроолорго алып келери айдан ачык, мындан улам көйгөйдөн чыгуунун сөзсүз эле ушул жолун тандоо зарыл эмес деген оюн АКШ президенти Дональд Трамп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

"Экинчи опцияны ишке ашыра элекпиз. Анткени анын аткарылышын каалаган жокпуз. Бул нерсе Түндүк Кореяга бир топ кыйроолорду алып келет", — деди Трамп.

Өткөн жумада Америка президенти БУУнун жыйынында Ким Чен Ынды "ракета-адам" деп атап, анын иш-аракетин бир топ сынга алган.

Кореянын Тышкы иштер министри Ли Ён Хо Трамптын бул сөзүн Пхеньянга согуш жарыялоо катары баалаган.

Ал эми АКШ Түндүк Кореяга согуш жарыялабаганын айтып, Ли Ён Хо акылга сыйгыс нерселерди айтып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0