Меркель жаңы миграциялык каатчылыкка жол бербей турганын айтты

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүПарламентские выборы в Германии
Парламентские выборы в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоодо Ангела Меркель башында турган Христиан-демократиялык союзу партиясы алдыга озуп чыккан

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Канцлер Ангела Меркель Германияда 2015-жылы болгон миграциялык каатчылык кайталанбайт турганын, ал үчүн бардык чаралар көрүлгөнүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

"Миграциялык кризис мындай формада кайталанбайт деп айта алам", — деди Меркель.

Германиядагы парламенттик шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин блогу — Германиянын христиандык-демократиялык союзу добуштардын 33 пайызын алып, жеңишке жетти. - Sputnik Кыргызстан
Меркелдин партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыкты
Белгилей кетсек, жекшемби күнү Германияда бундестагга шайлоо өттү. Өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматтарына ылайык, Ангела Меркель башында турган Христиан-демократиялык союзу партиясы 33 пайыз (бундестагда 246 орун) менен алдыга озуп чыккан. Бул партиянын 1949-жылдан берки эң начар көрсөткүчү. Андан кийинки орунда Германиянын социал-демократиялык партиясы алды. Мындан сырткары, "Германия үчүн альтернатива" партиясы биринчи жолу бундестагга кирди. Аны менен бирге Либералдык эркин партиясы, "Солчулдар" жана "Жашылдар" партиясы да жаңыдан ишке киришмей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0