Меркелдин партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыкты

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГерманиядагы парламенттик шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин блогу — Германиянын христиандык-демократиялык союзу добуштардын 33 пайызын алып, жеңишке жетти.
Германиядагы парламенттик шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин блогу — Германиянын христиандык-демократиялык союзу добуштардын 33 пайызын алып, жеңишке жетти. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Добуш берүү аталган Германиянын 299 шайлоо тилкелеринде жүргөн

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Германиядагы парламенттик шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин блогу — Германиянын христиандык-демократиялык союзу добуштардын 33 пайызын алып, жеңишке жетти. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянып кабарлады.

Германиянын Федералдык жыйыны (Бундестаг) бир жыныстуу никеге жол ачкан мыйзам кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Германия бир жыныстуу никеге уруксат берди
Ал эми шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 76,2 пайызы келгендиги айтылды.

Ошентип парламентке 20,5 пайызды алган Германиянын социал-демократтары жана 12,6 пайыз добушка ээ болгон оңчулардардын "Германияга альтернатива" партиясы кирди.

Добуш берүү аталган мамлекеттин 299 шайлоо тилкесинде жүргөн. Андан сырткары, 5 пайыздык босогону өткөн Эркин демократиялык партия 10,7 пайыз, "Солчулдар" 9,2 пайыз, "Жашылдар" 8,9 пайыз алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0