21:42 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
217420

Белгилүү ырчыга окшош адамдын сүрөтү интернет айдыңында кызуу талкуу жараткан

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Америкалык блоггер Лурдес Савалета өзүнүн Twitter баракчасына Майкл Жексонго окшош адамдын сүрөтүн жарыялады. Сүрөт кыска убакыт аралыгында социалдык тармактарга тез тарап, катуу талкууга алынганын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

​Анда айрым интернет колдонуучулар сүрөттө Майкл Жексон өзү экендигин билдирсе, дагы бири аны белгилүү ырчынын эгизи же никесиз төрөлгөн баласы экендигин болжолдошкон. Талкууда америкалык кыз сүрөттөгү жигит жөнүндө маалыматтарды ачыктаган.

Анда Лурдес Савалета сүрөттөгү адам менен кезикпегендигин, ал жигит Барселонада жашаган мексикалык Серхио Кортес экендигин кабарлаган. Ал түрдүү иш-чараларда белгилүү ырчы Майкл Жексонду туурап акча таба тургандыгын айткан.

Андан сырткары, журналисттер Кортес музыканттар менен чогуу иш-чараларды уюштуруп кошумча каржы табаарын аныкташкан. Ал Майкл Жексондой бийлеп, фонограмма менен ырдайт.

Тема боюнча

Оп, бали! 55 жаштагы кытайлык жаран Майкл Жексонду куп жараштыра туурап бийледи
Кыздар коендой окшош болуп баратат. Пластикалык хирургдун жинине тийген учурлар
Белгилер:
Испания, Майкл Жексон, ырчы, эгиз

ЭҢ МААНИЛҮҮ