Жаңы вирус! Жылаңач сүрөтүңдү жибербесең, компьютериң ачылбайт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМонитор. Архив
Монитор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
nRansomware вирусу чабуул жасаган компьютерлер коркунучка кептелип жатат

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Интернетте колдонуучулардын интимдик маанайдагы сүрөтүн талап кылган жаңы вирус пайда болгонун Motherboard порталы жазды.

Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Facebook тармагындагы жаңы вирустан коргонуу жолдору. Адистен кеңеш
nRansomware деп аталган вирус компьютердин ишин толугу менен токтотот дагы колдонуучуга "интимдик сүрөттөрүңдү жибер" деп талап коет.

Компьютердин ээсине "Сиздин компьютериңизге блок коюлду. Азыр бизге өзүңүздүн жок эле дегенде 10 жылаңач сүрөтүңүздү жиберишиңиз керек. Андан соң биз ал сүрөттө чын эле сиз экениңизди текшерип көрөбүз. Кийин блокту алып салуу үчүн код жиберебиз. Ал эми сүрөттөрдү "Даркнет" аркылуу сатыкка коебуз" деген кат келет.

Маалыматка караганда, nRansomware вирусу чабуул жасаган компьютерлерге толугу менен блок коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0