Колумбияда жети тонна кокаин кармалды

© AFP / Raul ArboledaУничтожение кокаина в Колумбии
Уничтожение кокаина в Колумбии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумбиянын Коргоо министрлиги эгер аталган баңгизат Америкага киргенде анын баасы 200 миллион долларга чейин жетмектигин баса белгиледи

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Колумбиянын бийлиги жума күнү жети тонна кокаинди кармаган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. 

Ага ылайык, Апартадо шаарында коомдук күчтөр кылмыштуу топко таандык баңгизатын алышкан.

"Кокаин Борбордук Америкага жөнөтүлө турган жер-жемиш жүктөлгөн контейнердин ичине жашырылган", — деп айтылат маалыматта.

Колумбиянын Коргоо министрлиги эгер аталган баңгизаты Америкага киргенде анын баасы 200 миллион долларга жетмектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0