"Түркия сулуусу" адепсиз пост жазганы үчүн таажысынан ажырап калды

© AP PhotoПобедительница конкурса красоты "Мисс Турция — 2017" Ытыр Эсен
Победительница конкурса красоты Мисс Турция — 2017 Ытыр Эсен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда өтө турган "Дүйнө сулуусу – 2017" сынагына экинчи орунду ээлеген бийкеч катыша турган болду

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Түркия сулуусу — 2017" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Ытыр Эсен Twitter баракчасына жарыялаган адепсиз билдирүүсүнүн айынан таажысынан айрылды. Бул туурасында Sputnik Түркия агенттиги жазып чыкты.

Ал Түркияда бийликти басып алуу аракеттеринин бир жылдыгында Twitter баракчасына айызы башталып төңкөрүш маалында каза болгон баатырлардын канына каны кошулганын жазган.

 

 

Ытыр Эсен сулуулук сынагында таажыга ээ болгондон кийин анын июлда жазган посту катуу талкууга түшкөн. Мындай сын-пикрлерден улам улуттук конкурстун уюштуруу комитети "Түркия сулуусу" титулун артка чакыртып алган.

"Ал постту Ытыр Эсен өзү жазганын өкүнүү менен айтабыз. "Түркия сулуусу" сынагынын уюштуруу комитети өлкөгө өз салымын кошууга аракет кылгандыктан анын жазгандарын туура кабыл ала алабайт", — деп жазылат сынактын Facebook баракчасында. 

​Мындан улам Кытайда өтө турган "Дүйнө сулуусу – 2017" сынагына экинчи орунду ээлеген Алсы Сюмэн катыша турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0