Иран баллистикалык ракета сынады

© REUTERS / HANDOUTПарад вооруженных сил в Тегеране
Парад вооруженных сил в Тегеране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандын генералдарынын бири аталган ракета мурдакыларына салыштырмалуу кичирээк көлөмдө экендигин айткан

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Иран бийлиги Хорремшер деп аталган, 2 миң чакырымга учкан жаңы баллистикалык ракетаны сынады. Бул туурасында РИА Новости Press TV телеканалына шилтеме кылып кабарлады.

АКШнын жана Ирандын желктери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иран АКШнын санкциясына жооп кылып, ракета программасына 260 млн. доллар бөлдү
Ракетанын учурулганы Ирандын мамлекеттик телекомпаниясынан көрсөтүлгөн. Ал эми бул качан болгону жана кайсыл жерде жасалганы тууралуу маалыматтар азырынча айтыла элек.

Мындан мурдараак аталган ракетаны Тегеранда болгон аскердик парадда көрсөтүшкөндүгү маалымдалды. Ал иш-чарага мамлекеттин президенти Хасан Роухани жана жогорку кызматтагы аскер адамдары катышкан.

Бригадалык генерал Амир Али Хаджизадех аталган курал мурдакыларына салыштырмалуу кичирээк көлөмдө экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0