Кытайда беш адамга кол салган буйволду көзгө атаар атып өлтүрдү. Видео

© AFP / PHILIPPE LOPEZБуйвол. Архив
Буйвол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ызырынган жаныбардын элге кол салуусу көчөдөгү көзөмөл камераларына тартылып калган

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кытайдын Ксиндин шаарынын борборунда унаадан качып чыккан буйвол элге кол салгандыгын CCTV+ телеканалы жазды.

Маалыматка караганда, жаныбар мал ташып бара жаткан унаадан качып чыгып, алдындагы адамдардын баарын сүзө качырып жөнөгөн.

Ызырынган жаныбардын элге кол салуусу көчөдөгү көзөмөл камераларына тартылып калган.

Видеодо көрүнүп тургандай, ал алгач эки мотоциклченди жана жөө бараткан эки адамды сүзгөн.

Шаардыктарды албууттанган жаныбардан көзгө атаар сактап калганы айтылды. Окуянын жыйынтыгында беш адам жабыр тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0