Сирия аймагынын 87 пайызынан "Ислам мамлекети" тобу чыгарылды

© REUTERS / Omar SanadikiАлеппо. Сирия. Архив
Алеппо. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жумада жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгында өлкө аймагы террорчулардан тазаланууда

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Сирия аймагынын 87 пайызынан "Ислам мамлекети" тобунан бошотулду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди.

Түндө эле Сириянын армиясы 16  чарчы чакырымдан жана Евфраттын батыш жээгиндеги эки айылдан террорчуларды чыгарды.

Учурда "Ислам мамлекети" террордук тобу Евфрат дарыясынын жээгиндеги аймактарда эң көп үстөмдүк кылууда. Акыркы жумада жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгында, өлкө аймагы согушкерлерден тазаланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0