Акробат сальтонун саны боюнча рекорд жасайм деп арка мойну астында калды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЦик артисти. Архив
Цик артисти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цирк артисти дүйнөлүк рекорд жасоо ниетинде секирип алты жолу катары менен сальто жасоого аракет кылган

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Москвада өткөн цирк искусствосунун "Идол — 2017" дүйнөлүк фестивалында акробаттын дхйнөлүк рекорд коюу аракети ишке ашпай, мойну сынып калганын "Известия" гезити жазып чыкты.

Түндүк кореялык акробат секирик маалында катары менен алты сальто жасап рекорд коюуга аракет жасаган. Артист тактайлардын жардамы менен татаал ыкманы жасамак. Секиригине көңүлү чыкпай калган акробат рекордунун эсептелгенине карабай экинчи ирет секирүүгө ниеттенген. Мында артист жыгылып түшүп эс-учун жоготкон.

Басылманын маалыматы боюнча акробат цирктен оор абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын мойну сынып, баш сөөгү жабыркаганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0