Дүйнө жүзүндө 40 миллионго жакын киши кулчулуктун курмандыгы болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековПовседневная жизнь в селах КР
Повседневная жизнь в селах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөдөгү башка маалымат боюнча 5 жаштан 17 жашка чейинки 152 миллион бала түрдүү жагдайлардан улам иштөөгө аргасыз

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Эмгек боюнча эл аралык уюмдун сайтына жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, 2016-жылы 40 миллионго жакын киши кулчулукка кабылган. Андан сырткары 152 миллион бала иштөөгө мажбурланган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Насилие над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан
Эркек киши кармап берген баланы теңтуштары союл менен таякташты. Окуянын видеосу
Эмгек боюнча эл аралык уюм аталган изилдөөнү Walk Free Foundation менен Миграция боюнча эл аралык уюм менен биргеликте жасаган жана ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынында көрсөтүлгөн.

Иликтөөгө таянсак, 40 миллион кишинин 25 миллиону жумуш кылууга мажбурланса, 15 миллиону күч менен эрте турмушка чыгат. Эркиндиги чектелгендердин көбү кыз-келиндер, алардын саны 29 миллионду түзөт. Ал эми коммерциялык секс кызматын көрсөтүүгө мажбурлангандардын 99 пайызы аялдар.

Изилдөөдөгү башка маалымат боюнча 5 жаштан 17 жашка чейинки 152 миллион бала түрдүү жагдайлардан улам иштөөгө аргасыз. Көбүнесе айыл чарба тармагында жумушка тартылат. Иштеген балдардын басымдуу бөлүгү Африкада.

Жаңылыктар түрмөгү
0