Жоголгон кишини издейм деп дарыяга кирген бакшыны крокодил сүйрөп кетти

Жазылуу
Индонезияда крокодил шаманды думуктуруп өлтүргөнү айтылууда

Окуянын видеосу YouTube сайтына жарыяланды. 

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар бир күн мурда жоголуп кеткен айылдашын табуу үчүн бакшыга кайрылышкан. Алар айыл тургунун крокодил сүйрөп кеткен деп шектенишкен.

Бакшы дайынсыз кеткен кишини издөө үчүн дароо дарыянын жээгине барган. Сууга кирип өзүнүн жөрөлгөлөрүн жасап жатканда крокодил аны сууга сүйрөп кеткен.

Кийин эки кишинин сөөгү табылган. Аларды крокодил жеген эмес, маркумдар аба жетпей думугуп каза болгонун ЖМКлар жазып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0