Окумуштуулар көпөлөктөр эмнеге кырылып жатканын айтышты

© AP Photo / Wilfredo LeeПоследствия урагана "Ирма" в США
Последствия урагана Ирма в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын билдиргенине караганда, монарх-көпөлөктөрдүн саны 1990-жылдарга салыштырмалуу 90 пайызга азайган

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Атлантика боюндагы бороон менен кар борошолорунан өзгөчө жабыр тарткандар АКШ менен Мексикадагы жээкте жашаган адамдар эле эмес, кадимки эле көпөлөктөр болуп жатыптыр. Бул туурасында РИА Новости American Entomologist журналына шилтеме билдирди.

"Өтө эле катуу жана узак мезгилге чейинки катуу толкундар Мексикадагы көпөлөктөр кышында мекендеген ийне жалбырактуу токойлордун микроклиматын талкалады. Мунун кесепетинен бул жаныбарлардын бир тобу тоңуп, кырылып калган. Андыктан, көпөлөктөрдү эле эмес, токойду камкордукка алуу зарылдыгы келип чыкты", — деп айткан Свит-Брайэр шаарындагы колледждин экологу Линкольн Брауэр.

Курт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар желим жеген көпөлөк курттун түрүн табышты
Түндүк америкалык монарх-көпөлөгү эң узакка учуп барган жаныбарлардын катарына кирет. Жайында өздөрү жана куурчакчалары АКШнын субтропикалык жерлерин байырлаганды жакшы көрөт. Ал эми күз менен кышта Мексика менен Борбордук Америкага учуп кетишет. Ал тургай монарх-көпөлөктөр башка континенттерге учуп барган учурлар катталган. Алар бир нече миңдеген чакырымдарды басып, Британияга, Россиянын Ыраакы Чыгышына, ал тургай Австралия жана Гавай аралдарына чейин жеткен.

Акыркы жылдары "монархтардын", дегеле жер бетинде көпөлөктөрдүн саны кескин кыскарып кеткендиги байкалган. Буга түйшөлгөн окумуштуулар себебин иликтөөгө ала баштаган.

Брауэр жана анын кесиптештери бул жаныбарлардын кырылышына климат же адамдар эмес, тагыраагы, АКШнын жана Мексиканын жээктеринде улам кайталанып жаткан айбаттуу бороондор таасирин тийгизип жатканын аныкташкан. Бул акыркы эки жылдык байкоодон улам чыгарылган жыйынтык экени айтылды.

Окумуштуулардын билдиргенине караганда, аталган көпөлөктөрдүн саны 1990-жылдарга салыштырмалуу 90 пайызга азайган. Ал эми бороондордун кесепети алардын тукумун толугу менен курут кылышы мүмкүндүгү айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0