15:05 24 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Сотрудники полиции. Архивное фото

ЖМК: француз полициясы Европадагы жаңы терактылар кооптуулугун эскертти

© Sputnik / Ирина Калашникова
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
15 0 0

Полиция темир жолдорду, мектептерди, университеттерди жана туристтик жайларды кайтарууга алган күзөт кызматтарынын ишин катуулатууну чечкен.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Франциянын улуттук полиция башкармалыгы Европанын темир жолдорундагы жаңы терактылар кооптуулугун эскертти. Андан сырткары, экстремисттердин токойлорду өрттөп, тамак-аштарды ууландыруу пландары айтылгандыгын РИА Новости Le Parisien гезитине шилтеме кылып жазды.

Бул маалыматтарды аталган басылма колго тийип калган жашыруун документтерден алып бергендиги айтылат.

Гезит сентябрдын башында даярдалган жети барак отчет тууралуу баяндаган.

"Поезд жолдорунун аймагына кирип кетип же ага зыян келтирүү аракети боюнча маалыматтарга катуу көңүл буруу керек", — деп айтылган маалыматта.

Андан сырткары, документте Франциядагы терактылардын болуп кетүүсү боюнча кооптуулук "өтө жогору бойдон калып жатат" деп жазылган. Франциялык тартип сакчылары мындай абалдан улам террорчулукка каршы күрөшүү планын кайра карап чыгууну ойлонуп жаткандыгы айтылат.

Гезитте жазылган маалыматтарга таянсак, полиция темир жолдорду, мектептерди, университеттерди жана туристтик жайларды кайтарууга алган күзөт кызматтарынын ишин катуулатууну чечкен.

Улуттук полициянын Башкы башкармалыгы эгерде теракт кооптуулугу боюнча шектенүүлөр жаралса, полицияга дароо кабарлоону элдин кулагына куюп жатышат. Андан сырткары, автомашиналар уурдалган учурларды көз жаздымда калтырбоону да айтышкан.

Тема боюнча

Лондондун метросунда жарылуу болду, жабыркагандар бар
11-сентябрь. Теракт. Бейкүнөө өлүмдөр. Каргашанын жүрөк титиреткен сүрөттөрү
Белгилер:
террорчулук, полиция, теракт, Франция
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ