16:23 24 Аяк оона 2017
Түз эфир
Старейшая жительница планеты Вайолет Мосс Браун

Ямайкада жер жүзүндөгү эң улуу кемпир каза болду

© AP Photo / Raymond Simpson
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
263 0 0

Ал басылмалардын бирине берген интервьюсунда чочко жана тооктун этин жебей турганын, ошондой эле спирт ичимдиктерин оозго албаганын айткан.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ямайкада жер жүзүндөгү эң улуу кемпир Вайолет Мосс Браун 117 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Эндрю Холнесс Twitter баракчасы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

​Вайолет Мосс Браун 1900-жылкы италиялык Эмма Моран каза болгондон кийин 2017-жылдын апрель айынан тарта жер жүзүндөгү улуу адам катары эсептелип келген.

​Браун 1900-жылы 10-мартта Ямайканын Трелони деген аймагында төрөлгөн.

Ал басылмалардын бирине берген интервьюсунда чочко жана тооктун этин жебей турганын, ошондой эле спирт ичимдиктерин оозго албаганын айткан.

Тема боюнча

Дүйнөдөгү эң кары панда өлдү
Окумуштуулар аял менен эркектин кимиси узак жашай турганын аныкташты
Белгилер:
жаш курак, карыз, Ямайка

ЭҢ МААНИЛҮҮ