Сирия боюнча Астанадагы кийинки жолугушуу октябрда өтөт

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүВиды Астаны
Виды Астаны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев келерки, жетинчи жолугушууга жаңы өлкөлөр катышуусу мүмкүндүгүн билдирген.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Сирия боюнча Астанадагы кийинки жолугушуу октябрдын соңунда өтөт. Бул туурасында РИА Новости Казакстандын ТИМ башчысы Кайрат Абдрахмановго шилтеме кылып кабарлады.

ТИМ жетекчиси бул тууралуу кепил өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылганын билдирген.

"Сирия боюнча эл аралык келерки жолугушууну жогорку деңгээлде 2017-жылдын октябрь айынын соңунда өткөрүү макулдашылды", — деп билдирди Абдрахманов.

Жолугушуу кайрадан эле Астана калаасында болмокчу.

Буга чейин Россиянын Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев келерки, жетинчи жолугушууга жаңы өлкөлөр катышуусу мүмкүндүгүн билдирген. Аларды Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет жана Ливан деп атады.

Жаңылыктар түрмөгү
0