02:41 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Гаитидеги көчөдө жаткан бала. Архивдик сүрөт

Дүйнөдө 800 миллиондон ашык киши курсагы тоё тамак жебейт

© REUTERS / Andres Martinez Casares
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
5001

Жалпысынан алганда ачкачылыктан жабыркагандардын саны он жыл аралыгында азайган

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Дүйнө боюнча курсагы тоё тамак жебей кыйналган кишилердин саны 815 миллион кишиден ашканы БУУнун гуманитардык беш уюмунун докладында жазылганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Жалпысынан алганда ачкачылыктан жабыркагандардын саны он жыл аралыгында азайган. Бирок акыркы убактардагы аскердик кагылышуулар, климаттын өзгөрүшү алардын санын кыйла көбөйткөн.

Докладдагы маалыматка ылайык, балдар арасында курсагы тойбогондордун саны бир топ төмөндөгөн. 2005-жылдан бери салыштырып алганда өз курагына бою жана салмагы туура келбеген балдардын саны 29,5 пайыздан 22,9 пайызга чейин азайган. Ошентсе да 2016-жылга алынган маалымат боюнча жашына бою туура келбеген балдардын саны 155 миллионго жетет. Бул ар бир төртүнчү баланын бою жашына туура келбейт дегенди түшүндүрөт.

Ошол эле учурда былтыркы жылдагы маалыматка ылайык, ашыкча салмактан жапа чеккен балдардын саны 41 миллионго жетип, жалпы бөбөктөрдүн 6 пайызын түзгөн. Бул көрсөткүч 2005-жылы 5 пайыз болчу.

Тема боюнча

Соцэксперимент: "бай-кедей" — өтүп бара жаткандар кимисине көбүрөөк жардам беришти
Археолог: Англиядагы бай жана кедей үй-бүлөнүн балдары орто кылымда бирдей тамактанышкан
Белгилер:
ачкачылык, доклад, Бириккен Улуттар Уюму

ЭҢ МААНИЛҮҮ