Лондондун метросунда жарылуу болду, жабыркагандар бар

© REUTERS / Kevin CoombsВзрыв в лондонском метро
Взрыв в лондонском метро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча окуянын чоо-жайы тууралуу эч нерсе айтыла элек

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Лондон шаарынын метросунда жарылуу болгонун Sun гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

​Маалыматка ылайык, жарылуудан бир нече адамдын бети күйгөнү айтылууда. Шаар полициясы жарылуу болгонун тастыктап, чоо-жайы тууралуу эч нерсе дей элек.

​"Парсон-Грин" метросунун станциясында болгон жарылуу тууралуу маалымдарбыз. Кызматкерлер кырсык болгон жерде", — деп Лондон полициясынын Twitter баракчасына жарыяланды.

​Окуя болгон жерде ыкчам кызматтар иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0