БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Парижде полиция формасын кийген эки шылуун 97 жаштагы кемпирдин 300 миң евролук буюмдарын уурдап кетти. Уурулар негизинен алтын куймасын жана зер буюмдарды алып кетишкенин РИА Новости агенттиги Parisien басылмасына таянуу менен билдирди.
Ага ылайык, окуя Париждин XVI округунда шаршемби күнү кечинде болгон. Уурулар кемпирди кылмыштын бетин ачуу менен алектенип жатканын айтып, үйүнө киришкен. Алар полициянын кийимин кийип, күбөлүгүн көрсөткөндө кемпир аларга аргасыздан ишенген.
Уурулар кары адамды бал тилге салып, сейфинин ачкычын алып, сакталуу турган он алтын куймасын жана зер буюмдарды алып кетишкен. Уурдалган буюмдардын жалпы суммасы 300 миң еврону түзөт.
Учурда полиция ууруларды издөө аракетин көрүүдө.