Польшада поезд айдай качкан киши кармалды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПоезд. Архив
Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициянын билдиришинче, ээн баш кишинин жоругунан эч ким жабыркаган эмес

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Польшанын Легьоново шаарынын полициясы поезд айдай качкан кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Белорусско-украинская граница - Sputnik Кыргызстан
Британия машина айдаган террорчулардан сактануу жолун ойлоп тапты
Маалыматка ылайык, 35 жаштагы киши товарларды тартып бараткан локомативдин кабинасына кирип келип, машинистти өлтүрөм деп коркутуп, айдаткан.

Ал поезд менен Легьоново шаарынын борбордук вокзалына чейин келгенде аны полиция кармап, алкоголго жана баңгизатка карата анализ алынган. Учурда полиция окуянын күбөлөрүн суракка алып, анын чоо-жайын тактап жатат.

Полициянын билдиришинче, ээн баш кишинин жоругунан эч ким жабыркаган жок. Поездде машинисттен башка эч ким болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0