Москвада бомба коюлду деген маалыматтан улам 23 имарат текшерилди

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүВ Москве проверяют сообщения о минировании
В Москве проверяют сообщения о минировании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү Россиянын ири шаарларындагы имараттарга бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү телефон чалуулар болуп жатат

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бомба коюлду деген маалыматтан улам полиция Москвадагы бир катар вокзалдардагы, соода борборлорундагы жана университтеги кишилерди коопсуз жайга чыгарууга мажбур болушту. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди. 

Анонимдүү телефон чалуудан кийин шаардын кызматтары 23 объектини текшерди. Тиешелүү органдар телефон чалгандарды издеп жатат.

​И.М. Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университетине келген атайын кызмат, имараттан эч кандай жарылуучу зат табышкан эмес. Курчоого алынган аймак калыбына келтирилген. 

​Акыркы күндөрү Россиянын Ставрополь, Түштүк-Сахалин, Магадан, Владивосток, Пермь, Калининград, Красноярск, Якутск шаарларында эл көп чогулган имараттарда бомба коюлгандагы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө.

​Күч органдарындагы булактын РИА Новости агенттигине билдиришинче, шейшемби күнү анонимдүү ушундай билдирүүлөрдөн улам 22 шаарда 45 миң киши коопсуз аймактарга чыгарылган. Түшкөн маалыматтардын бардыгы жалган болуп чыккан. Булактын берген маалыматына ылайык, телефон чалуулардын көбү Украинанын аймагынан болгон. Ал эми шаршемби күнү бомба тууралуу билдирүүдөн улам 17 шаардагы 190дон ашык имарат текшерилген.

Нас тоже #эвакуировали

Публикация от Nessa Klichmanova (@kiprida) Сен 13 2017 в 6:47 PDT

Жаңылыктар түрмөгү
0