06:14 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
АКШнын Ак үйүнүн байланыш директору болуп 28 жаштагы экс-модель Хоуп Хикс дайындалды

Суйкайган экс-модель Ак үйдүн байланыш директору болуп дайындалды

© AP Photo / Carolyn Kaster
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
168120

Хикс студент кезинде фотомодель болуп эмгектенген. Ал жарнамалык кампанияларга, китеп тыштары үчүн сүрөткө тартылып жүргөн.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. АКШнын Ак үйүнүн байланыш директору болуп 28 жаштагы экс-модель Хоуп Хикс дайындалганын СNN жазып чыкты.

​Сулуу бийкеч алгач Энтони Скарамуччи кызматынан кеткенден кийин убактылуу байланыш директору болуп дайындалган.

Ага чейин АКШ президентинин стратегиялык байланыш жетекчиси болсо, андан мурун президенттикке талапкер Трамптын шайлоо штабынын маалымат катчысы болгон.

​Хикс студент кезинде фотомодель болуп эмгектенген. Ал жарнамалык кампанияларга, китеп тыштары үчүн сүрөткө тартылып келген. Окуу жайды бүткөндөн кийин коомчулук менен байланыш тармагында иштеген. Кийинчерээк Иванка Трамптын мода үйүнүн пресс-атташеси болуп дайындалган. 2015-жылдын аягында Трамптын президенттик шайлоого карата түзүлгөн кампаниясына кошулган.

Тема боюнча

ЖМК: Дональд Трамп маалымат жыйында элди кыраан каткырыкка салды
Белгилер:
модель, байланыш, Ак үй, АКШ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ