Жолборстун ырылдаганын уккан 12 маймылдын жүрөгү жарылып өлдү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖолборс. Архив
Жолборс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринарлар башында маймылдар ууланды деп ойлошкон, бирок алардын каны таза чыккан

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Индиянын Уттар-Прадеш штатында бир убакта 12 маймыл өлгөнүн Deccan Chronicle сайты маалымдады.

Маймылдардын сөөгүн тапкан жергиликтүү тургундар аларды ууландарып кетишти деп ойлошкон. Бирок экспертиза алардын каны таза экенин белгилеген.

Тыкыр изилдөө учурунда маймылдардын жүрөгү токтоп калганын аныкташкан. Ветеринарлар мындай нерсе алар катуу корккондо болорун белгилесе, жергиликтүү тургундар маймылдар өлгөн учурда жолборстун катуу ырылдаганын укканын айтышкан.

Ошентип ветеринарлар маймылдар жолборстун ырылдаганынан улам өлдү деген жыйынтыкка келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0