Кытайда 10 жаштагы кыз жогорку билим алууда

© REUTERS / Jason LeeКытай мектеп окуучулары. Архив
Кытай мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр 10 жаштагы Чжан Ивэнь ЖОЖ үчүн тийиштүү упай топтой албай калган

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кытайда 10 жаштагы Чжан Ивэнь кирүү экзамендеринен жогорку упай алып Шанцю шаарындагы Технологиялык институтка өткөнүн "Жэньминь жибао" басылмасы жазып чыкты. 

Экзаменден 353 упай алган тестиер кыз информатика жана электрондук инженерия факультетине кабыл алынган. Бул жерден ал үч жылдык окуудан өтмөкчү.

"Эң кызыктуусу — Чжан эч качан мектепке барган эмес экен. Негизи Кытайда балдар тогуз жыл окуп, орто билим алып, андан кийин гана ЖОЖго тапшырат. Ал эми бул кыз үйдөн окуп жүрүптүр", — деп жазылат макалада.

Биринчи жолу Чжан кирүү экзамендерин былтыр тапшырган, бирок 172 упай алып калып, окууга өтпөй калган. Кыздын атасы Чжан келечекте докторлук даражага ээ болоруна бекем ишенерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0