Пхеньян БУУнун санкцияларына баш ийбей турганын жар салды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЦеремония открытия нового жилого комплекса на улице Рёмён в Пхеньяне
Церемония открытия нового жилого комплекса на улице Рёмён в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Корея резолюция АКШ тарабынан жасалмаланган деп белгиледи

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясын тааныбай турган жар салды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн тараткан Борбордук телеграф агенттигине таянып РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата алтынчы ирет жасалган өзөктүк сыноосунан кийин санкциялык режимди катаалдаткан. Ага ылайык, Түндүк Кореяга мунай заттарын ташып кирүүгө чектөө коюлду. Ошондой эле чийки мунай боюнча да чектөө киргизилип, анын көлөмүн өткөн 12 айдагы көрсөткүчтөн жогорулатпоо талабы коюлду. Мындан сырткары, суюлтулган газ сатып алууга жана текстилдик өндүрүштү сатууга тыюу салынды.

"Резолюция АКШ тарабынан ыплас ыкмалар менен жасалмаланган. Мындай аракетти Түндүк Корея кескин сынга алып, "2375 резолюциясын" тааныбайт", — деп айтылат маалыматта.

Пхеньян шаарындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ким Чен Ын: Түндүк Корея күн-түн дебей сокку урууга даяр
Өлкө ТИМи "мыйзамсыз резолюциянын кабыл алынышы" Түндүк Кореянын туура жолду тандап алганын дагы бир ирет айгинелей турганын баса белгилеген. Билдирүүдө Пхеньян өлкө суверенитетин коргоо жана аймактагы коопсуздукту сактоо үчүн АКШ менен тең укуктуулукка жетишүү жолу менен буга чейинки аракеттерин күчөтөрү жазылат.

Түндүк Корея 3-сентябрь күнү баллистикалык ракеталарды жабдый турган зарядды ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн айткан. Япония менен Түштүк Кореянын аскерлери заряддын кубаттуулугун 120-160 килотоннага жетерин божомолдошту. Бул 1945-жылы Япониянын Хиросима менен Нагасаки шаарларына ташталган атом бомбаларынан бир нече эсе чоң. Андан бир жума мурун Пхеньян Япониянын аймагынан учуп өткөн баллистикалык ракетасын сынап көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0