Кытайлык окуучу 30 секундда скакалка менен 129 жолу секирип рекорд койду

Жазылуу
Кытайлык окуучу баланын 30 секунддун ичинде скакалка менен 129 жолу секирген видеосу интернет айдыңына жарыяланды. Бул видеону People's Daily, China каналы YouTube тармагына жүктөгөн.

Маалыматта бул бала август айында Гонконгдо өткөн скакалкада секирүү боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болгону айтылат. Муну менен ал баш байгеге гана жетишпестен, дүйнөлүк рекорддон да ашып өткен. Буга чейин япониялык окуучу 111 жолу секирип Гиннесттин рекорддор китебинге кирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0