Ким Чен Ын өз окумуштууларына өзөктүк куралды өркүндөтүүнү тапшырды

© REUTERS / KCNAТүндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-августта Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракетага орното турчу суутек бомбасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялаган

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын континенттер аралык баллистикалык ракеталар үчүн суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөн окумуштууларды кабыл алып, өзөктүк куралды өркүндөтүү боюнча дагы да талыкпай иштөөнү буюрду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Кореянын борбордук маалымат агенттигине таянуу менен билдирди.

Алеппо шаары. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Кореядан Сирияга жиберилген сырдуу эки жүк жолдон кармалды
Ын ошондой эле көз карандысыз экономика, окумуштуулардын жамааты, күчтүү армия жана элдин көмөгү менен Түндүк Корея күчтүү болорун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 3-августунда Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракетага орното турчу суутек бомбасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялаган. Бул Түндүк Кореянын алтынчы жолку бомба сыноосу. Буга чейин алар баллистикалык ракетаны сынап, ал Япониянын аймагы аркылуу учуп өткөн болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0