WhatsApp тиркемесинде бизнести илгерилетүүчү жаңы функция пайда болот

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив
Уюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акы төлөнө турган жаңы функция бизнес адамдарына кардарлары менен байланышта болууга шарт түзөт

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. WhatsApp мессенжерине ээлик кылган Facebook корпорациясы мобилдик тиркемеге акы төлөнө турган жаңы функцияларды киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты. 

Мындай жаңылык WhatsApp Businnes тиркемесине тийиштүү. Жаңы киргизилген функциялардын арты менен ири банктар, авиакомпаниялар кардарларына каалаган маалыматтарын жибере алат.

"Жарандар компанияларга жүрөк өйүткөн суроолору менен кайрылып, жооп ала алышат. Бул кызмат үчүн компаниялардан акча алууну пландап жатабыз", — деп WhatsApp каналынын операциялык директору Мэтт Айдема билдирди.

Басылмага чыккан маалыматка караганда, акы төлөнчү WhatsApp сервиси Бразилия, Индия, Индонезия жана Европа өлкөлөрүндө текшерилип.

Facebook 2014-жылы WhatsApp тиркемесин 22 миллиард долларга сатып алган. Мессенжерди миллиарддаган адам колдонгону менен бүгүнкү күнгө чейин чыгым тартып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0